ОГПИнин студенттери д\йнъл\к чемпионаттан ийгилик менен кайтышты

Автор: zinur, April 11, 2013

 5-7-апрель к\ндър\ Туркиянын Стамбул шаарында ъткън д\йнъл\к  “Шотокан» каратэ чемпинатында катышып, ийгиликтерге жетип келишти.

Аталган чемпинатка катышкан Дене тарбия бъл\м\н\н 5-курсунун студенти (-75 кг салмакта) Абдижалил уулу Атай 3-орунга жетишсе, колледждин 1-курсунун  студенти Бакытбек кызы Раиса 16-17 жаш кыздар арасында (-53 кг салмакта) 2-орунга ээ  болгон. Абдижалил уулу Атайдын айтуусунда д\йнън\н 53 мамлекети катышкан чемпионатка Ош шаарынан 7 спортчу катышып, баары ийгиликтер менен кайтышкан. Аларды Улуттук Каратэ-до WKF Федерациясынын президенти Нурдъълът Рысбеков жетектеп барган.

Окуу жайдын гана эмес Ош шаарынын, Кыргызстандын намысын коргогон жаш спортчуларды окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев куттуктап, ар дайым кыргыздын желегин бийик желбирете бер\\лър\н каалады.  

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.